• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Репрессия курмандыктарынын жашырылган жайы тууралуу алгач маалымдаган Кыдыралиевага батир берилди

Өкмөт 0

Бишкек, 19.04.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сапар Исаков бүгүн, 19-апрелде, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылындагы1937-1938-жылкы репрессия курмандыктарынын жашырылган жайы тууралуу алгач маалымдаган жаран Бүбүйра Кыдыралиевага батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчынын м.а. учурдагы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинин ордунда репрессия курмандыктары массалык түрдө жашырылгандыгына бала кезинде күбө болгон Бүбүйра Кыдыралиеванын жасаган ишинин тарыхый маанисин белгиледи.

Сапар Исаков ага чың ден-соолук,узун өмүр жана бакубат жашоо каалады.

Бишкек шаарынын «Туңгуч» кичи районунда жайгашкан жаңы батирге Бүбүйра Кыдыралиеваны Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовкоштоп келди.

Пикир

Оставить комментарий