• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Роспотребнадзор Кыргызстанга COVID-19ду аныктоочу реагенттерди берди

Коом 0

Бишкек, 05.04.22./Кабар/. Россиядан Кыргызстанга COVID-19ду аныктоочу реагенттер комплекти жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 4-апрелинде Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тарабынан элчилик менен РФнын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адамдын жыргалчылыгын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) «Борбордук эпидемиология илимий-изилдөө институту» федералдык бюджеттик илим мекемесинин ортосундагы административдик макулдашууга ылайык кайтарымсыз негизде россия тарабынан берилген COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясын аныктоо үчүн 180 миң тест жүргүзүү үчүн реагенттер комплекти менен дипломатиялык жүк жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий