• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сүйүнбек Касмамбетов Астанадагы биринчи медиа форумдун алкагында "Хабар" телеканалына маек курду

Коом 0

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов 20-декабрда Казакстандын Астана шаарында өткөн биринчи Борбор Азия медиа форумуна катышты. Медиа форумда медиа тармагынын өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, форумда аймактык жана глобалдык кооперациянын мүмкүнчүлүктөрү, аймактык бир тектүүлүктү издөө процессиндеги акыркы тренддер жана маалымат коопсуздугун камсыз кылуу, жаңы медианын өнүгүүсү, жасалма интеллект технологиясын колдонуу, Борбор Азияда креативдүү индустриянын келечеги, медиа сабаттуулук жана аялдардын медиадагы ролу тууралуу маселелер ортого салынды. Ошондой эле, аталган тармакта катышуучу тараптар өздөрүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү.

Мамлекеттик катчысы медиа форумга катышуунун алкагында “Хабар 24” телеканалына маек курду.

— Саламатсызбы, алгачкы суроом ушул күндөрү өтүп жаткан биринчи Борбор Азия медиа форуму тууралуу болсун. Медиа форумдун башкы багыттары деп эмнени айта аласыз?

— Саламатчылык. Учурда Казакстан же Кыргызстан эле эмес, бүткүл түрк дүйнөсүнө көңүл бурулуп жаткан учур. Иш-чаранын эң негизги эле максаты – маалымат айдыңындагы акыйкат маалымат менен элибизди камсыздоо. Форумдун Астанада өткөнү маанилүү, себеп дегенде кийинки мезгилде биздин маданият, салт-санаабызды жана ички өнүгүүбүздү чагылдырууда дүйнөлүк эксперттердин пикирин уга билүү. Саясий, экономикалык, чек арадагы кырдаалды чагылдырууда башка маалымат каражаттары толук эмес маалыматты чыгарып коет. Бүгүн ушул боюнча кызуу талкуу болуп жатат. Бири-бирибиз менен туура маалымат менен гана алмашып, өз элине чындыкка таянган жаңылыктарды берүү керек деп эсептейм.

— Бүгүнкү күндө болуп жаткан интеграциялык процесстерде форумдун өткөрүлүшүн кандай чечмелесек болот?

— Борбор Азиядагы өлкөлөр бирдей өнүгүп келген болсо, базар экономикасында өнүгүү деңгээли ар башка болду. Алсак, жаңы чыгармалар, долбоорлор бар, мына аны биз бири-бирибизге маалыматты туура жеткире алганда гана улут аралык мамилелерибизди, маданиятыбызды жакындатабыз. Ошондой эле экономикалык өз ара аракеттенүүнүн даңгыр жолу болуп эсептелинет. Жакын арада дагы Кыргызстанда ушундай форумдун чакан форматын өткөрдүк. Мамлекет ичиндеги экономикалык, социалдык, саясий өнүгүүсү тууралуу маалыматтарды убагында алсак, жакындашканга чоң өбөлгө түзүлөт.

— Медиа форум – бир гана пикир алмашуу аянтчасыбы же белгилүү бир чечим кабыл алынуучу жерби?

— Иш-чарада пикир алмашуу өтө таасирдүү болуп жатат, себеп дегенде мурда мамлекетти түптөгөнгө жардам берген адамдар келип жатпайбы. Мисалга алсак, 1990-жылы көз карандысыздыгыбызды алып жатканда легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов катышты. Ал ошол учурда кандай көйгөй болгонун, бүгүнкү күн менен салыштырып, кайсынысы чечилгенине токтолду. Салыштырмалуу анализ жасалып, пикир айтылууда. Жыйынтыгында резолюция кабыл алып, коомчулукка жарыялайбыз. Медиа форум өзүнүн абдан керектүү, маанилүү экенин далилдей алды. Каалаган темада кенен-кесир пикир алмашуулар, докладдар, баяндамалар болду.

— Форумдун түп нускасы кандай же болбосо келечекте кандай болуусу керек?

— Иш-чаранын туп нускасы маалымат алмашуунун маданиятын жогорулатуу, ошондой эле жоопкерчиликти эске алып, элге маалымат таркатууда ыкчамдыкты камсыздоо болуп саналат. Анык жана далил маалыматтар менен гана иштөө керек. Мындан сырткары, бир тараптуу болбошу кажет. Азыркы күндө маалыматы көп өлкөлөр күчтүү мамлекет болууда.

— Маалыматтар дүйнө жүзүндө тездик менен тарап жатканда кезде биз өзүбүздүн тарыхыбызды унутпай, ошол эле кезде бүгүнкү күндүн куралдарын жана биринчи Борбор Азия медиа форуму пайдаланып, кантип жана кандай багытта туура маалыматтарды бере алабыз?

— Абдан жакшы суроо болду. Мына сиз казакча сүйлөп, мен кыргызча жооп берип жатам. Сиз мени, мен сизди 100 пайыз түшүнүп, ырахаттанып отурабыз. Орто Азияда жайгашкан элдердин тарыхтары терең, негизделген, илгерки шаарларды курган, дүйнөнү дүңгүрөткөн окумуштууларды, аалымдарды берген байыркы элдерденбиз. Ушундай эл аралык форумдарды пайдаланып, аларды даңазалашыбыз керек. Мухтар Ауэзовду, Чыңгыз Айтматовду дегеле көпчүлүк аалым адамдарыбыздын чыгармаларын, улутту, элди, дилди, тилди, адат-салт, маданиятыбызды бириктирген чоң саясатты тартынбай алдыга умтулуп, дүйнө жүзүнө көрсөтүшүбүз керек. Кыргыз менен казактын каада-салттары, наркы бирдей болгон. Казактын хандары дагы боз үйдүн ичинде келин жүрсө кире алган эмес. Наркты сактап, аттын оозун тартып, “жигиттер отуруп тургула, боз үйдүн ичине кирүүгө болбойт, ичинде келин жүрөт” дешип, казак менен кыргыздын хандары да боз үйдүн ичин ачып, кирип барган эмес. Кыргызда да, казакта да кичүүсү улуусуна салам айтат, атчан бараткан киши жөө кишиге салам айтат. Тоодон түшүп келе жаткан адам өйдө карай бараткан адамга салам айтат. Наркыбыз, салтыбыз ошондой. Ушундай дүйнөнү таң калтырган биздин наркыбыз менен салтыбыз көп. Биз отурукташкан элбиз. Кыргыз менен казак бир жерде үч күндөн ашык конуш кылган эмес. Жайлоолорун жапжашыл бойдон сактап калышкан. Үч күн конгондон кийин жайыттарын которушкан.

Кыргыз менен казак улуу тоонун, улуу талаанын элдерибиз. Талаанын арстандары деп бекер айтылган эмес. Ошондуктан бүгүнкү медиа форум тарыхтан баштап, экономика, креативдүү индустрия, балдардын жаңылыктар темасын өзүнө камтып жатат. Менин оюмча кенен, ичине баарын батырган маалыматтык форум өттү деп эсептейм.

— Маек бергениңизге терең ыраазычылык билдиребиз!

— Сиздерге да чоң рахмат!

Пикир

Оставить комментарий