• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Үсөнбаев ооругандар менен байланышта болгондорду көзөмөлдөгөн мобилдик топтун коопсуздугу туурасында айтып берди

COVID - 19 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Мобилдик топ коронавирусту жуктуруп алгандар менен байланышта болгон жарандардын үйлөрүнө барып, текшерүү иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, мобилдик топтун ар бир мүчөсү жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болгон. "Облустук үй-бүлөлүк медицина борборлорунда эмгектенген мобилдик топ бир бөлмөнүн ичинде иштебейт. Алар коронавирусту жуктуруп алгандар менен байланышта болгон адамдардын үйүнө барып, алардын абалын текшеришет. Дайыма жумуш үстүндө жүрүшөт. Мобилдик топтун бир жерде чогулуп отуруусунун кажети жок", - дейт ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан медкызматкерлердин коопсуздугу боюнча көрсөтмөлөр берилген.

Пикир

Оставить комментарий