• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Саат 10го карата президенттик шайлоого жалпы шайлоочулардын 7,49 % добуш беришти – БШК

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Саат 10:00гө карата президенттик шайлоого жалпысынан 226 миң 616 жаран добуш берген. Бул тууралуу Боршайкомдун Төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымы боюнча, бул жалпы шайлоочулардын 7,49% түзөт.

“Добуш берүү активдүү түрдө Сүлүктү жана Кара-Көл шаарларында жүрүүдө. Ал жакта 13% шайлоочу өз добуштарын берген. Ошондой эле Араван районунда жана Ош шаарында 10% түзөт. Мындай көрсөткүчтү биз мурдагы шайлоолорго салыштырып жатабыз”,-деди ал.

Мамлекеттик каттоо кызматынын берген маалыматы боюнча бардыгы болуп, шайлоочулардын саны 3 025 768 жаранды түзөт. Алардын 2 908 453 Кыргызстандын аймагында добуш берет. Чет жерде - 18 580 шайлоо бар. Дагы 98 735 жаран Бишкектеги кошумча тилкелерден добуш беришет.

Кыргызстан боюнча саат 8:00гө карата 2 миң 375 шайлоо тилкеси ачылган. Шайлоонун жүрүшүнө 700дөн ашуун эл аралык байкоочу көз салат.

Пикир

Оставить комментарий