• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди

Президент 0

Бишкек, 14.10.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Казакстан Республикасына 12-14-октябрда болгон иш сапары аяктады.

Иш сапарынын алкагында 13-октябрда Мамлекет башчысы Астанада Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммитине катышты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан цивилизациялар аралык диалогго жана Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө боло турган регионалдык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча күч-аракеттерди кубаттай турганын белгиледи.

Ушул эле күнү Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун, Россиянын президенти Владимир Путиндин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болуп, анда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги актуалдуу маселелер талкууланды.

14-октябрда Астананын Конгресс борборунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ МБК) Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Анда президент Садыр Жапаров 2023-жылы Кыргызстандын КМШга төрагалык кылуусунун артыкчылыктуу милдеттерин билдирди.

КМШнын МБК жыйынынын жыйынтыгында делегация башчылары төрагалык кылууну Кыргыз Республикасына, тең төрагалыкты Россия Федерациясына жана Казакстан Республикасына өткөрүп берүү чечимин кабыл алышты.

Кыргызстандын сунушу менен КМШнын МБК кезектеги жыйынын 2023-жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.

Ошондой эле, КМШнын МБК жыйынында соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык, ошондой эле коопсуздук жаатындагы интеграциялык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Түштөн кийин “Борбор Азия – Россия” Саммити өтүп, анда Президент Садыр Жапаров Борбордук Азия өлкөлөрү жана Россия менен мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү Кыргызстан үчүн жана жалпы тарыхый мурастын, маданияттын, экономиканын, өлкөлөрдүн жана элдердин тилдик жана руханий салттары, баалуулуктары негизинде артыкчылыктуу багыт экенин баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, бүгүн, 14-октябрда Бишкекке кайтып келди.

Пикир

Оставить комментарий