• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сак болуңуз! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Коом 0

Бишкек, 05.03.23./Кабар/. Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, түндүк-батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Буга байланыштуу ведомство айдоочулардан автоунааларын бак-дарактын жана имараттын жанына токтотпонуу суранат.

Кырсык катталган учурда 112 бирдиктүү номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.

Пикир

Оставить комментарий