• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сак болуңуз! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Коом 0

Бишкек, 28.03.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, жакынкы эки саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот. Батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырат жана шамал болгон кезде коопсуз жайларда болуу керектигин эскертет.

Кырсык катталса 112 кызматына чалып, жардам чакырыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий