• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сак болуңуз! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 18.05.23. /Кабар/. Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир саат аралыгында шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Буга байланыштуу министрлик жарандарды жеке коопсуздук жана материалдык чыгымдарга алып келүүчү кырсыктын алдын алуу үчүн эрежелерди сактоо менен этият болууга чакырат.

“Кырсык болгон учурда "112" номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кызматта”, - деп белгилешти ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий