• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Саламаттык сактоо министринин орун басарлары жамаатка тааныштырылды

Коом 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Ппрезиденттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Жетиген Бакиров Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратына саламаттык сактоо министринин жаңы орун басарларын тааныштырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин чечимине ылайык, саламаттык сактоо министринин орун басары – КР башкы мамлекеттик санитардык врачы болуп Бүбүжан Арыкбаева, министрдин орун басарлары болуп Улан Садыков, Жаркынбек Касымбеков дайындалган.

Маалыматта саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруу убактылуу Жаркынбек Касымбековго жүктөлгөндүгү айтылат.

Пикир

Оставить комментарий