• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Саляновдун өлүмүнө шектүү дагы бир адам Россиядан КРга өткөрүлүп берилет

Кырсык 0

Бишкек, 24.10.18. /Кабар/. Мурдагы башкы прокурор жана Жогорку Кеңештин экс депутаты Аида Салянованын ичиси Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү дагы бир адам Россиядан КРга өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Бишкекте өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө бир эле шектүү калды. Ал Россиянын жараны.

“Аны Минск конвенциясынын жана эл аралык макулдашуулардын нормасына ылайык экстрадациялашат”, - деди министрдин орун басары.

Эске салсак, 2017-жылдын 6-ноябрында түнкү саат 01:30да болжол менен кара түстөгү кийим, маска жана кол каптарды кийген 3 белгисиз адам Аламүдүн районунун Көк-Жар конушунда жайгашкан үйгө киришкен. Конок тосуучу бөлмөдө кылмышкерлер үйдүн ээси, 1975-жылы туулган Улан Саляновго ок чыгарып, окуя болгон жерден качып кетишкен.

Октон алган жаракаттарынын натыйжасында У.Салянов ооруканага карай жолдо каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий