• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сарыбаев: Кампа күбөлүктөрүн документсиз жүгүртүү үчүн онлайн-платформа ишке кирди

Экономика 0

Бишкек, 10.08.22. /Кабар/. Кыргызстан банктарынын бирикмеси тарабынан дыйкандарга өндүргөн продукциясын күрөөгө коюп, кыска мөөнөттүү насыя алууга мүмкүнчүлүк түзүү үчүн кампа күбөлүктөрүн документсиз жүгүртүү боюнча автоматташтырылган «Кампа күбөлүкөрү» маалыматтык тутумун ишке киргизди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Банктар бирикмесинин долбоорлор боюнча менеджери Рустам Сарыбаев билдирди.

Анын айтымында, фермерлер жана кампалар онлайн каттоодон өтүп, кеңседеги платформада бардык иш-аракеттерди жүргүзө алат.

“Платформада катталуу үчүн фермер же кампа ээси толук аты-жөнүн, СИН (ИНН), телефон номерин жана юридикалык аталышын киргизиши керек. Ийгиликтүү каттоодон өткөндөн кийин телефонго билдирүү жөнөтүлөт”, - деп кошумчалады ал.

Сарыбаев белгилегендей, эгерде дыйкан банк алдындагы милдеттенмесин аткара албаса, анда кампадагы товары толугу менен банкка өтөт.

Пикир

Оставить комментарий