• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Сел жүрүп, суу капташы мүмкүн! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкө аймагында сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертти.

Маалыматка ылайык, 6-10-апрель күндөрү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын райондорунда температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий