• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Министрлер кабинети 2022-жылдын I кварталы үчүн бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу жыйынтыгын чыгарды

Өкмөт 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдиргендей, 2022-жылдын I кварталы үчүн салык чогултуу белгиленген планга карата –103,2%га, же 1 млрд 125,9 млн сомго ашыкча аткарылган.

«2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 14 млрд 640,5 млн сомго көп чогултулуп, же өсүү темпи 167,3%ды түздү. Контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) ишке киргизүүгө токтолсок, бүгүнкү күндө республика боюнча 45 миң 35 контролдук-кассалык машина колдонулууда, анын ичинде 22 миң 173 даанасы – аппараттык-кассалык машиналар жана 22 миң 862 даанасы – программалык кассалык машиналар», - деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы аталган ишти улантуу керектигин белгиледи.

«Мамлекеттик банктар тарабынан POS-терминалдар орнотулган заманбап контролдук-кассалык машиналар бекер берилет. Биз контролдук-кассалык машиналарды колдонууга өтүүнү мүмкүн болушунча жеңилдетүүгө аракет кылдык, бул абдан маанилүү жана зарыл иш», - деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Акылбек Жапаров ошондой эле автоунаалардын жүк ташуу көлөмү боюнча кытай тараптын маалыматы Финансы министрлигинин маалыматтары менен дал келбегендиги маселесине токтолду.

«Маалыматтардын дал келбестиги 2000ден ашык унааны түзөт, мунун себебин такташыбыз керек. Кытай тарап көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу өткөн товарлардын көлөмү пандемияга чейинки деңгээлге жеткенин билдирди. Бизде такыр башка сандар көрсөтүлүүдө», - деди министрлер кабинетинин төрагасы жана үч күндүк мөөнөттө дал келбестиктин себебин аныктоо тапшырмасын берди.

Акылбек Жапаров белгилегендей, КР президентинин Жарлыгына ылайык, бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды.

«Ошондой эле министрлер кабинети тарабынан реалдуу финансылык каржылоо менен бекемделген Антикризистик план кабыл алынды. Бул тиешелүү мамлекеттик органдардын алдына бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча коюлган план толугу менен гана эмес, ашыкча аткарылышы керек дегенди билдирет», - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий