• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Шайлоо-2020: Добуш берүү күнү Өкмөт үйүндө call-борбор иштейт. Номерлер

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 03.10.20. /Кабар/. Эртең, 4-октябрда, добуш берүү күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн уюштуруучулук маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыздоодо шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борбору иштейт.

Добуш берүү күнү шайлоочулар электр жарыгынын, Интернеттин жоктугу, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана байкоочулар тараптан бет кап режиминин жана санитардык ченемдерди сакталбашы жана башка мыйзам бузуулар болсо ишеним телефондоруна чалса болот.

Ишеним телефондор: (0312) 66 28 58, 62 51 19, 66 28 51, 96 14 54, 96 03 11, факс (0312) 66 61 97.

Белгилей кетүүчү жагдай, бул номурларга чалуулар «Кыргызтелеком» ААКтын Бишкек шаардык түйүнүнүн стационардык телефондорунан акысыз, ал эми аймактардан жана уюлдук операторлордон учурдагы тарифтерге ылайык жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий