• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Шайлоо күнүндө мыйзам бузууга күбө болсоңуз кимге кайрылуу керек? Өкмөттө call-борбор иштөөдө

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Шайлоо күнүндө мыйзам бузууларга күбө болгон жарандар өкмөттүн call-борборуна кайрыла алат. Бул тууралуу Президенттик шайлоону жана референдумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын төрагасы, вице-премьер Максат Мамытканов билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн имаратында 9-10-январда Президенттик шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча республикалык штабдын call-борбору иштеп баштады.

"Телефон чалуулар акысыз. Жарандар шайлоо тилкелеринде электр жарыгы же интернет жок болсо, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана байкоочулар тарабынан санитардык эрежелер сакталбаса жана башка мыйзам бузуулар байкалса ишеним телефондоруна чала алат", - дейт ал.

Сall-борборунун номерлери:

(0312) 66 28 58;

(0312) 66 28 51;

(0312) 96 14 54;

(0312) 96 03 11;

факс: (0312) 66 61 97.

Эскерте кетсек, бүгүн саат 08:00дө Кыргызстандагы бардык шайлоо тилкелери ачылып, президентти шайлоо жана референдумга добуш берүү башталды.

Пикир

Оставить комментарий