• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Шашылыш билдирүү: Мэрия шаар тургундарын үйдө болууга, айдоочуларды унаасын бактан алыс токтотууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 03.05.20/Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы туруксуз аба ырайына – жаан, шамалга байланыштуу шаар тургандарын үйдө болууга чакырат.

"Кокустуктардын алдын алуу үчүн айдоочулардан унааларын бактардан, жеңил курулуш объекттеринен алыс токтотушун суранабыз", - деп билдирет мэрия.

Шашылыш учурларда (бак кулаганда, суу каптаса ж.б.) мэриянын 1840 жана 1850 номерлерине чалууга, 0554 -182-185 номерине сүрөт жана видеолорду жөнөтүүгө болот.

Район акимдеринин турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басарларынын байланыш номери:

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) – ‪0550 997 927;

- Турсалиев Алмаз Жакыпбекович (Октябрь району) – ‪0772 192 074;

- Аскарбеков Мавлян Амангелдиевич (Биринчи май району) – ‪0555 666 096;

- Мырзакматов Садык Токтосунович (Свердлов району) – ‪0551 571823.

Пикир

Оставить комментарий