• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

ШКУ саммитинде Афганистан боюнча Жол картасынын долбооруна кол коюлат

Саясат 0

Бишкек, 14.06.19. /Кабар/. ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында Афганистан боюнча Жол картасынын долбооруна кол коюлат. Бул тууралуу саммиттин кеңири курамдагы жыйынында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Ал маалымдагандай, өткөн жылдын ноябрь айында “БУУ жана ШКУ: тынчтык, коопсуздук жана туруктуулук үчүн кызматташуу” деген жогорку деңгээлдеги атайын иш-чара өткөрүлгөн.

"Бул жаатта афган көйгөйүн чечүү маанилүү болуп турат. Биз бул көйгөйдү чечүүдө афган бийлигинин аракеттерин жана ШКУнун активдүү киришүүсүн канааттануу менен белгилейбиз. Бул үстүбүздөгү жылдын апрель айында Бишкекте өткөн ШКУ-Афганистан Контакттык топтун кезектеги жыйынынын жыйынтыгында жана бүгүнкү Саммиттин талаасында кол коюла турган Жол картасынын долбооруна дагы таасирин тийгизди", - деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, байкоочу макамына ээ болгон Афганистандын президенти Мохаммад Ашраф Гани саммиттин ишине катышууда.

Пикир

Оставить комментарий