• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Штаб: Эмдөө пункттары эми "2ГИС" тиркемесинде жеткиликтүү

COVID - 19 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Жарандарга санариптик каражаттарды ыңгайлаштыруу жана жеткиликтүү болушу үчүн Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги "2ГИС" өнөктөшүнүн колдоосу менен эмдөө пункттарын "2ГИС" тиркемесинде - интерактивдүү картадан табуу мүмкүнчүлүгүн ишке ашырды.

Республикалык штабдан билдиришкендей, тиркеменин жардамы менен жарандар эмдөө пункттарынын даректерин, иштөө графигин жана белгилүү пункттардын байланыш номерлерин билип, жакын жерде жайгашкан эмдөө пунктуна чейин жолду биле алышат.

"Аталган сервисте COVID-19га каршы эмдөө алуу үчүн https://vc.emed.gov.kg/Regs/Create электрондук каттоо баракчасына өтүү мүмкүнчүлүгү ишке кирген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий