• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Соль-Илецк шаарындагы кыргыз жарандарын салган автобустар жолго чыгууга камданууда – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарында болгон кыргызстандык жарандар Казакстандын аймагына өтүп, өлкөгө келүүгө камданууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, учурда Кыргызстандын Казакстан жана Россиядагы элчилигинин кызматкерлери, ошондой эле Кыргызстандын Оренбург облусундагы (Россия) ардактуу консулу тарабынан 550гө жакын жаран 10 автобуска отургузулууда. Жакын арада автобустар Казакстандын полициясынын коштоосунда Кыргызстанга жол тартат.

Белгилей кетсек, Казакстанда өзгөчө абал режими алына электигине байланыштуу транзиттик коридор бир жолу жана Соль-Илецк шаарындагы белгилүү сандагы Кыргызстандын жарандарын мекенине алып келүү үчүн берилген.

Мындан улам Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россияда жүргөн кыргыз жарандарын чек ара ачылганга чейин мекенине кайтуу үчүн Россия менен Казакстандын чек арасына келбөөгө чакырат.

Министрлик Кыргызстандын жарандарын мекенге кайтарууда көрсөткөн көмөгү үчүн Казакстан жана Россия тарапка ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий