• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков: Мугалимдик кесип Кыргызстандагы эң престиждүү кесипке айланат

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 05.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Түп районуна болгон сапарын Түп айылындагы Карымшаков атындагы мектепке баруудан баштады.

Сооронбай Жээнбеков мектептин жамаатын Мугалимдер күнү менен куттуктап, өзү орус тили жана адабияты болуп иштеген мугалимдик күндөрүн, өз мугалимдерин эскерди. Андан соң «Өлкөдөн кымбат дөөлөт жок!» аттуу программасы тууралуу айтып берди.

«Мен үчүн эң маанилүү маселелердин бири айлык акыларды жана пенсияларды көбөйтүү болот. Биз мугалимдердин жана врачтардын айлык акыларын 30 миң сомго чейин жеткире алабыз. Мен мунун булактарын жана ага жетүү жолдорун билем. Мугалимдик кесип Кыргызстандагы эң престиждүү кесипке айланат», - деп убада берди Сооронбай Жээнбеков.

Мектеп директору Валентина Павлова талапкерге алардын мектебиндеги айрым көйгөйлөр жөнүндө айтып берди. Анын айтымында, 1969-жылы курулган мектепте 825 окуучу окуйт. Мектеп директору 2016-жылы курула баштаган жаңы мектептин курулушун тездетүүнү суранды. Ошондой эле окуу китептеринин жетишсиздиги жана жумуш шарттарын жакшыртуу боюнча да суроолор болду. Сооронбай Жээнбеков бул маселелердин баарын көзөмөлгө алаарын убада кылды.

Андан кийин Сооронбай Жээнбеков Мугалимдер күнүнө арналган майрамдык иш-чарага катышып, ал жактан да өз программасын Түп районунун мугалимдерине сунуштады.

 Даярдоочу: КУМА “Кабар”

 Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175

 КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.

 Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 05.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий