• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков: Таза суу – элибиздин ден соолугу

Президент 0

Бишкек, 23.05.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков калкты таза суу менен камсыз кылуу көйгөйү түздөн-түз элдин саламаттыгы менен байланыштуу экендигин айтып өттү.

Мамлекет башчысы «Аймактар үчүн Таза суу» форумунда сүйлөп жатып билдиргендей, жыл сайын республика боюнча 30 миңге жакын ичеги-карын оорулары катталат.

"А катталбай калганы канча? Ичүүчү суу аркылуу жуга турган ооруларга каршы күрөш өлкөнү жыл сайын 4,8 млрд. сомго жакын чыгымга алып келет. Мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн, биринчи кезекте, калктуу конуштарда таза суу маселесин чечүү керек", - деп билдирди мамлекет башчысы.

Өлкө башчысынын айтуусунда, бул каражаттарды үнөмдөп, өнүгүү иштерине багыттаса болот. Таза суу маселесин чечпей туруп, туризмди, жалпы эле экономиканы өнүктүрүүгө кыйын болот.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте «Аймактар үчүн Таза суу» форуму өтүп жатат.

Ага президент Сооронбай Жээнбеков, Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын Президенти Сума Чакрабарти, министрликтер жана ведомстволордун, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жетекчилери, суу менен камсыз кылуу боюнча муниципалдык ишканалардын директорлору, донорлук коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.

Форумдун катышуучулары бүт өлкө боюнча суу менен камсыздоо, санитария жана ирригация тармактарын жакшыртууга багытталган стратегияларды жана конкреттүү кадамдарды талкуулайт.

Форумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ЕРӨБ ортосунда суу менен камсыздоо системаларын жакшыртуу боюнча эки макулдашууга кол коюлат — Мырза-Аке, Куршаб жана Дөң-Булак жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо боюнча Макулдашуу жана Жалал-Абад шаарында суу менен камсыздоо системасын жакшыртуу боюнча Макулдашуу.

Эки долбоордун инвестицияларынын жалпы суммасы 13 млн. евродон ашуун сумманы түзөт.

Пикир

Оставить комментарий