• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Соцфонддун Call-борборуна сегиз айда 33 миңден ашуун кайрылуу келип түштү

Коом 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь — август айларында Социалдык фонддун Call-борборуна 33 миң 220 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, август айында Call-борборго 2 миң 837 кайрылуу келип түшкөн. Андан тышкары, сайт аркылуу онлайн-офлайн режиминде 828 сайт аркылуу электрондук кайрылуу келип түшкөн.

Соцфонддун Call-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.

Мекеменин ыкчам байланыш номери иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча "1202" кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий