• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Социалдык тейлөө кызматтарын көрсөткөн мекемелердин, уюмдардын жоопкерчилиги жогорулатылат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17-май /Кабар/. Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору боюнча Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору социалдык кызматтарды көрсөтүү иштерин жүргүзгөн социалдык тейлөөнүн жарым-жартылай стационардык уюмдарында жана мекемелеринде аккредитациялоо жол-жобосун жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу Социалдык тейлөө мекемелерин аккредитациялоо жөнүндө жобону иштеп чыгууну баштоого жана сапаттуу кызматтарды алууга, уюмдардын жоопкерчилигин жогорулатууга, ошондой эле мамлекетке бул уюмдарда көрсөтүлгөн социалдык кызматтардын сапатын контролдоого мүмкүндүк түзөт.

Депутат Дастан Бекешев социалдык тейлөө мекемелерин аккредитациялоо ыктыярдуу түрдө да жүргүзүлүшү мүмкүндүгүн сунуштаган. Буга Жогорку Кеңештин тармактык комитети мамлекеттик бюджеттен сырткары каражаттар каралган социалдык тейлөө мекемелерин аккредитациялоо ыктыярдуу түрдө да жүргүзүлүшү мүмкүн деп тактоо чечимине келишкен.

Жыйынтыгында тармактык комитеттин корутундусу менен мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий