• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Статкомдо маалыматтарга негизделген башкаруу системасын ишке киргизүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Улуттук статистикалык комитетте Кыргыз Республикасында "Маалыматтарга негизделген башкаруу" - Data-Driven Governance демилгесин жайылтуу боюнча тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун аймактык органдары үчүн сапаттуу маалыматтарды берүү маселелери талкууланды.

Улутстаткомдун төрагасы Самат Насирдинов жолугушуунун катышуучуларынын көңүлүн КРда бул демилгени киргизүү жана ишке ашыруу боюнча концепцияны иштеп чыгууга бурду.

Сапаттуу маалыматтарды мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун региондук органдарына берүү максатында жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тутумду киргизүү, ошондой эле анын түзүмүн аныктоо жана бир райондун мисалында пилоттоштуруу үчүн маалыматтардын тобун аныктоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынган.

Тегерек столдун ишине КР президентинин администрациясынын жана министрлер кабинетинин, Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун, башка министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык донорлор, БУУӨП, Дүйнөлүк банктын, ЕККУнун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышты.

Пикир

Оставить комментарий