• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Саламаттык сактоо министри: Сутка ичинде 3 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 25.04.20. /Кабар/. Сутка ичинде Кыргызстанда 3 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, илдетти жуктурган медкызматкерлердин баары Бишкек шаарында болгон.

"Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлеринин арасында 175 учур катталды. Алардын ичинен 65 медкызматкер илдеттен айыгып, жумушуна кайтты", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 25-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 665ке жетти. Алардын ичинен 175и медицина кызматкери. Илдеттен 345 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий