• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө боюнча 7 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 7 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 3, Баткен облусунда 3, Ысык-Көл облусунда бир медик илдеткке кабылды.

“Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 7 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3045 учур катталды, алардын ичинен 2363 медкызматкер айыгып чыкты”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 42 миң 325ти түзөт. Алардын ичинен 35 миң 197 киши айыгып чыкты, 1 миң 54 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий