• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сузакта жергиликтүү тургун "Хизб ут-Тахрир" уюмунун идеологиясынан баш тартты

Аймак 0


Бишкек, 03.11.22. /Кабар/. Сузак районунда жергиликтүү тургун “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн Кыргызстандагы диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу иш-чаралардын алкагында, “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун мүчөлөрүн жана тарапташтарын түшүндүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында Сузак районунун тургуну Х.А.С. аттуу КР жараны радикалдык көз карашынан эл алдында баш тартканын билдирди. Х.А.С. 2005-жылдан бери “Хизб ут-Тахрир” ДЭУ кылмыштуу ишмердүүлүктөрүнө катышып, экстремисттик активдүү кызматкерлер менен жашыруун байланышта болгон.

Профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө Х.А.С. тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, жарандарды “Хизб ут-Тахрир” ДЭУ мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан “Хизб ут-Тахрир” ДЭУ ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле аталган диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча иштер улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий