• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Төрага мамлекеттик жана социалдык мекемелердин кызматкерлерин сыйлады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.07.18. /Кабар/. Төрага Дастан Жумабеков бир катар мамлекеттик кызматкерлерге жана социалдык мекемелердин жумушчуларына Жогорку Кеңештин Ардак грамоталарын тапшырды.

Ал куттуктоо сөзүндө сыйлоо аземине келгендерге экономиканын, маданияттын, илимдин, медицинанын жана өзүн өзү башкаруу институтунун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

“Сиздердин ар бириңиздердин турмуш-тиричиликтин тиги же бул тармагына кошкон салымыңар баа жеткис. Биз сиздердин эмгегиңиздерди жана тажрыйбаңыздарды урматтайбыз. Алдыда жаңы бийиктиктерди багындырарыңыздардан шегим жок. Биз баарыбыз Кыргызстандын өнүгүшүнө кызыкдарбыз. Жогорку Кеңеш дагы экономиканын, ишкерликтин, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын, илимдин жана маданияттын өнүгүшүнө багытталган жаңы актуалдуу мыйзамдарды кабыл алып жатат”, - деди Жумабеков.

Махабат Маматова, Жумабек Ажыбеков, Жаныбай Туманов, Нина Водяная, Кериш Ибраев, Аман Момунов, Гульгана Шонкорова, Бурул Алмазбекова, Таалайбек Кайназаров, Кудретбек Кыдыралиев, Тургунбубу Насиралиева, Сагынбек Акматалиев, Кундузкан Аманова, Зарылбек Молдобакиров, Гульшан Молдоева, Курманбек Кыдыралиев, Кансулу Акынбекова, Абдулла Мусаев, Гульсун Саякбаева, Толкун Самакова, Айдай Жарматова, Айнура Эгинбаева, Нарынбек Исабеков, Тимурбек Чокморов, Уланбек Рыскулов грамоталарга ээ болушту.

Ошондой эле энчилүү сааттар менен Жаныш Сулайманов жана Айдарбек Шералиев сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий