• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Түркияда Гүлендин уюму менен байланышы бар 600 киши камакка алынды

Дүйнө 0

Бишкек, 13.02.19 /Кабар/. Түркиянын коопсуздук күчтөрү дин аалымы Фетхуллах Гүлендин ФЕТӨ уюму менен байланышы бар деген шек менен 600 ашуун адамды камакка алды. Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады.

Түркиянын коопсуздук күчтөрү өткөн айда дагы 2016-жылдын 15-июлунда Түркияда бийликти басып алууга аракеттенген адамдар менен байланышта болгон деген айып менен 100 адамды камакка алган.

Эске салсак, Түркия бийлиги 2016-жылдагы ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштүн артында динаятчы Фетхуллах Гүлен турат деп эсептейт. АКШда жашаган Гүлен бул окуяларга катыштыгы бар делген айыптоолорду четке каккан.

Төңкөрүштө 250 адам каза болуп, 2 миңден ашууну жаракат алган. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын буйругу менен Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар деп шектелген 70 миңден ашуун киши камакка алынып, 170 миңдейи иштен алынган.

Пикир

Оставить комментарий