• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түркиядагы элчи Өмүралиев Бурса аймагынын губернатору Якуп Джанболат менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Бурса аймагынын губернатору Якуп Джанболат менен жолугушту. Бул тууралуу Түркиядагы кыргыз элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тараптар эки өлкөнүн региондорунун кызматташуусу, ошондой эле Бурса аймагында жашаган кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Л.Сыдыкованы жана жаңы дайындалган Кыргызстандын Бурса аймагындагы Ардактуу консулу Б.Тутушту тааныштырды.

Иш сапарынын жүрүшүндө элчи К. Өмүралиев Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ менен жолугушту. Жолугушууда элчи мэрди 2022-жылы Бурсанын түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болуп тандалышы менен куттуктады.

Өнүгүү жана эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуунун алкагында тараптар Бурса шаары менен Кыргызстандын шаарларынын биринин ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү зарылдыгын белгилешти.

Боордоштук байланыштарды чыңдоо үчүн Бурса шаарында парк ачуу боюнча макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий