• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Греция менен Түркиянын деңиз жээктеринде күчтүү жер титирөө катталды

Дүйнө 0

Бишкек, 23.01.19. /Кабар/. Турциянын деңиз жээктеринде күчү 4,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Trend басылмасы Европалык жер ортолук сейсмологиялык борборуна (EMSC) шилтеме берип кабарлоодо.

Жер титирөө саат 20:12лер чамасында катталган. Жер титирөөнүн очогу Түркиянын Мармарис курорттук шаарынан 23 чакырым жана Грециянын Родос шаарынан 45 чакырым аралыкта жайгашкан.

Азырынча кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Пикир

Оставить комментарий