• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Талас облустук сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду

Президент 0

Бишкек, 05.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунун жана 95-беренесинин 3-бөлүгүнүн, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин негизинде ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Боромбаев Мирлан Искакович, Жамангулов Жыргалбек Жамангулович, Калиева Клара Джакшылыковна жана Токтосун уулу Каныбек Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотулуп, алардын Талас облустук сотунун судьяларынын ыйгарым укуктары 2018-жылдын 17-апрелинен тартып токтотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий