• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Талас районундагы жылытуу пункту керектүү буюмдар менен камсыздалды

Аймак 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Талас районундагы Талды-Булак айылынын эски мектебине уюштурулган жылынуу пункту жаңыланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Кыш ызгаарынди иштеп келген жай бул ирет ашкана буюмдары, керебет, жууркан-төшөктөр, куткаруучулар үчүн негизги шаймандар, жылытуучу электр буюмдары менен жаңыртылды.

Пунктту жаңылоого Талас районун өнүктүрүү фондусуна 585 миң сом каралган.

"Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн колдоосу менен аталган пунктта Суусамыр – Талас –Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда жаралган кырдаалдарда жүргүнчүлөр келип ысык чай ичип, жылынып, убактылуу жайгашууга шарттар түзүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий