• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Талас шаарында айдоочуларды даярдоочу мектептер текшерилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 05.08.22. /Кабар/. Талас шаарында айдоочуларды даярдоочу мектептер текшерилүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Талас шаарындагы У.Субанов атындагы айдоочуларды даярдоочу мектеп текшерилди.

Айдоочулукка окутулуп жаткан курсанттардын даярдыгын жеринен көрүп, алардын окууга катышуусун текшерүү иштери жүргүзүлүп, окуунун сапаты, андагы шарттары менен таанышып, окуу жайдын мугалимдери менен бүгүнкү күндө айдоочулардын сапаттуу билим алышы талкууланды.

"Айдоочу бир гана унаага эмес, андагы жүргүнчүлөргө жана бара жаткан жолдогу кыймылга жооптуу экендигин эсине бекем түйүп жүрүшү керек. Унааны туура башкаруу, жол эрежелерин так сактоо жана мыйзамдын талаптарына баш ийүү менен жол кырсыктарын болтурбоого шарт түзө алабыз", - деди ЖККБ инспектору.

Аталган окуу жайдын кызматкерлери айдоочулардын окуу залдары, унаа токтогон паркы жана шарттары менен кенен тааныштырды. Инспектор курсанттарга бир нече суроолорду берип, канааттандыраарлык жоопторду алаары менен айдоочулук этикага дагы көңүл буруу керектигин эскертти.

Пикир

Оставить комментарий