• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ташкентте парктардын күнү-түнү иштөөсүнө уруксат берилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Мындан ары Өзбекстан борборундагы парктар күнү-түнү иштейт. Бул тууралуу өзбек өкмөтүнүн “Ташкентти жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин түп-тамырынан өзгөртүү чаралары жөнүндө” токтомунда белгиленген.

Документте Ташкент шаардык кеңешинин депутаттарына күнү-түнү иштеген парктарда коомдук коопсузукту камсыздоо боюнча милдеттүү талаптарды бекитүү сунушталган.

Токтомго ылайык, Ташкентте 60 гектардан аз эмес жерде аттракционсуз коомдук парк түзүү каралган. Мындан тышкары борбор калаанын ар бир райондорунда да анча чоң эмес сейил бактар пайда болот.

Ушул эле документтин негизинде 2021-жылы күзүндө жана 2022-жылы жазында Ташкентте 1 миллион көчөт отургузулат.

Пикир

Оставить комментарий