• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Таза жеңиш! Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 04.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап катышып, япониялык Нонока Озакини 6:4 эсебинде утуп алды.

Мелдештин чейрек финалында кыргызстандык спортчу белорустук Вераника Иванованын далысын жерге тийгизип жеңип алды.

Нет описания.

Эскерте кетсек, спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-10-октябрда Норвегиянын Осло шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан 15 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий