• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тажикстан чылымдын баасын көтөрүүнү көздөөдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 30.05.19 /Кабар/. Тажикстан бийлиги бардык үлгүдөгү чылымдардын баасын жогорулатууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук башкармалыгынын башчысы Сухроб Вохидов билдирди.

Анын айтымында, чылымдын баасын жогорулатуу – рак жана кургак учук ооруларына чалдыгуу коркунучун кыскартуу үчүн зарыл.

Маалыматтарга караганда, Борбор Азия боюнча эң арзан чылым Тажикстанда сатылат – бир кутусу 3-5 сомони ($0,3-$0,5). Вохидов "Биз жергиликтүү өндүрүштөн чыккан чылымдын бир кутусун 5тен 7 сомониге чейин көтөрүүнү сунуштап жатабыз. Маселен, Түркмөнстанда эң арзан тамекинин бир кутусу 50 сомони турат", – деди.

Тажикстан бийлиги 2010-жылы коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салган. Демилге аталган өлкөнүн президенти Эмомали Рахмонго таандык болгон. Мыйзамга ылайык, коомдук жайлардан тышкары мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга жүз метр жакын аралыкта тамеки тартууга бөгөт коюлган.

2018-жылы чылым акциздери үч эсеге кымбаттаган. Тамеки эле эмес, насвай жана кальяндарга да чектөө киргизилген.

Учурда Тажикстандын 9 миллион калкынын 7 пайызы чылым чегет. Насвай тарткандардын саны алда канча көп.

Пикир

Оставить комментарий