• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тажикстанда коронавирус жуктургандар 3900дөн ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Тажикстанда COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 3930 адамга жетти. Бул тууралуу 31-майда өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, коронавирустан 47 бейтап каза болуп, 2004 киши айыгып чыкты. 31-майга карата 1886 адам ооруканада дарыланууда.

Бул арада kvtj.info сайтындагы «элдик тизмеде» 29-майга карата өлкөдө коронавирус жана пневмониядан өлгөндөрдүн саны 360ка жеткени жазылууда. Тизме ЖМКларда, социалдык түйүндөрдө жарыяланган билдирүүлөргө жана маркумдардын туугандары берген маалыматтарга негизделген.

Пикир

Оставить комментарий