• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тажикстанда подполковник элден 100 миң доллар алдап алган деп айыпталууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 210.03.18. /Кабар/. Душанбе прокуратурасы Тажикстан ИИМинин мурдагы кызматкери, подполковник Шерзод Шарифзодага каршы жазылган жарандардын арызын карай баштады. Тургундардын арызында ал алдамчылык жол менен алардын 100 миң долларын алгандыгы жазылган.

Өлкө ИИМи бул фактыны ырастап, алдын ала тергөө иштери башталганын билдирди. Шерзод Шарифзода кызматынан быйыл январда бошотулуп, укук коргоо органдарынан кеткен.

Жашоочулардын бири милицияга арыз менен кайрылып, атайын бөлүмгө жумушка орноштуруу үчүн Шарифзода андан пара талап кылганын билдирген. Ал подполковникке 1,5 миң доллар берип, бирок жумушка да орношо албай, акчасын дагы кайтара алган эмес.

Душанбенин 40 жаштагы дагы бир тургуну Шерзод Шарифзода андан 7 миң доллар карызга алып, дале кайтарып бере электигин билдирген. «Ал акча сурап бир канча жолу келген. Аны жакшы билгендиктен берип койгом. Бирок үч жыл болду, бере элек» - деди ал.

Арызданган шаар тургундары Шарифзоданы жалпысынан 100 миң долларды алдап алган деп айыпташып, учурда аны таппай жаткандыктарын жана ал чет өлкөгө чыгып кеткен деген маалыматтар бар экенин билдиришүүдө.

ИИМ өкүлүнүн айтымында, мекеме кызматтык териштирүү жүргүзүп, жыйынтыгында Шарифзоданын алдамчылыгы менен кызмат абалын кыянат пайдалангандыгы аныкталып, иштен алынган. «Ал кызматта кезинде эч ким даттанган эмес. Арыздар ал жумуштан кеткенден кийин жазыла баштады», - деди ал. 2010-жылы дагы Шерзод Шарифзоданын алдамчылыкка барганы аныкталып, бирок мунапыс менен жазадан кутулган.

Пикир

Оставить комментарий