• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Тээп, муунтуп, телефон жана акчасын тартып алган. Жалал-Абадда жаш келинди сабаган шектүү изделүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.08.23. /Кабар/. Жалал-Абадда милиция жаш келинди сабаган шектүү жаранды издеп жатат.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, ушул жылдын 29-июлунда Жалал-Абад шаарынын тургуну, 24 жаштагы Ж.К. аттуу аял милицияга арыз менен кайрылган. Арыз ээси А., аттуу таанышы мас абалында аны уруп, тээп, муунтуп, Redmi 9 А үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана элекрондук картасындагы 52 миң 900 сом акча каражатын тартып алгандыгын айткан. Окуя Жалал-Абад шаарындагы Р.Азимова көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.

Жабырлануусу алган жараатынан улам облустук бириктирилген ооруканасына жаткырылган.

Аталган факт шаардык милициянын маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, кылмыш иши козголгон.

Териштирүү иштердин жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү такталган. Ал Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун 31 жаштагы А.Х., аттуу тургуну болуп чыккан. Учурда анын жашаган, жүргөн жерин аныктоо үчүн тийиштүү кызматтарга тергөө тапшырмалары берилген.

Пикир

Оставить комментарий