• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Темир жолду куруу Си Цзиньпиндин мамлекеттик визитинин алкагындагы негизги маселе болушу мүмкүн – Сариев

Коом 0

Бишкек, 13.05.19. /Кабар/. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу негизи маселе болушу мүмкүн. Мындай пикирин “Кыргызстан-Кытай эксперттик-аналитикалык диалог” форумунун жүрүшүндө мурдагы премьер-министр Темир Сариев билдирди.

Ал белгилегендей, бул ири инфраструктуралык долбоор. Ал Кыргызстанга чоң түрткү бере алат.

“Кытай Кыргызстандын товар жүгүртүүсүнүн дээрлик 40%ын түзөт. Эгер темир жол курулса, товар жүгүртүү кыйла артып, Кытайдан Борбор Азия аркылуу Иран, Перс булуңу жана андан ары Европага жөнөтүлгөн товарлардын транзитинде биз борбордук орунду ээлемекпиз. Бул абдан чоң долбоор жана мамлекеттик визиттин алкагында темир жолду курууну баштоо боюнча документке кол коюлса жакшы болмок”, - деди ал.

Сариев билдиргендей, мамлекеттик визиттин экинчи маанилүү маселеси катары өнүгүүнүн идеологиясы да болушу мүмкүн.

“Биз Кыргызстан менен Кытайдын экономика жана технологиядагы өнүгүүсүнүн он жылдык долбоорун жасай алмакпыз. ШКУ боюнча коопсуздук чөйрөсүндө баары жакшы. ШКУнун алкагында чечимдердин 47%га жакыны коопсуздукка байланыштуу. Экономиканы, технологияны өнүктүрүү боюнча биз өзүбүздүн сунуштарыбызды бере алат элек. Кытайда технологиялар бар. Мисалы, Huawei компаниясы өзүнүн атаандаштарынан беш жыл алдыга ашып кеткен”, - дейт Т.Сариев.

Пикир

Оставить комментарий