• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ТИМ: Стамбулдун аэропортунда өз өмүрүн кыюуга аракет кылган эркек Казакстандын жараны

Коом 0

Бишкек, 28.09.18. /Кабар/. Стамбулдун аэропортунда өз өмүрүн кыюуга аракет жасаган эркек Казакстандын жараны. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Стамбулдун эл аралык “Ататүрк” аэропортунда Кыргызстандын жараны өзүн өлтүрүүгө аракет жасагандыгы айтылган. Ал экинчи кабаттан секирип кеткен.

“КРнын Стамбул шаарындагы башкы консулдугунун маалыматына караганда, өзүн өлтүрүүгө аракет жасаган адам Казакстан Республикасынын жараны”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий