• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өткөн жылы 7,5 миңден ашык кыргызстандык жеке агенттиктер аркылуу жумуш табышкан

Коом 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Өткөн жылы 7,5 миңден ашык кыргызстандык жеке агенттиктер аркылуу жумуш табышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык-кеңештик борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү жумушка орноштуруу боюнча 102 жеке агенттик 16 өлкөдө өз кызматтарын көрсөтүшөт.

2018-жылдын 1-январынан декабрь айына чейин 85 жеке агенттиктин жардамы менен 7 миң 647 Кыргызстандын жараны жумуш тапса, алардын 3 миң 85и аялдар болушкан.

Ошол эле учурда ар кандай бузуулардан улам 11 агенттик ишмердигин токтоткон.

Пикир

Оставить комментарий