• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тоңдо мыйзамсыз аңчылык кылган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.10.23. /Кабар/. Тоңдо мыйзамсыз аңчылык кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-октябрда Тоңдун Кызыл-Туу айылынын Чат участкасында 39 жаштагы Т.А. аттуу жергиликтүү тургун мыйзамсыз аңчылык учурунда кармалып, анын жанынан ИЖ-18 үлгүсүндөгү сайсыз ок атуучу курал, эч кандай уруксат берүүчү документтери жок атылган коен жана ок-дары табылган.

Факт Тоң райондук милициясынын маалымат электрондук журналында катталып, материалдар юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий