• 88.68
  • 95
  • 0.95

Токмокто дагы бир жаран өз жанын кыюуга аракет кылды – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 20.11.21. /Кабар/. Токмок шаарында дагы бир жаран өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө жайгашкан толук курулуп бүтө элек 9 кабаттуу имаратка чыгып, секирем деп жатат деген маалыматтын негизинде Токмок шаардык №21 ӨККБнөн 3 куткаруучу жерине саат 16:22де чыгып, саат 16:30да жетишкен.

Белгиленгендей, Токмок шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрттү өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы А. Ашыралиев өз жанын кыюуга аракет кылган 1992-жылы туулган М.И.Ш. аттуу дунган улутундагы жаранды алдап кармап, андан соң жетелеп ылдый түшүрүштү.

Пикир

Оставить комментарий