• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Токтогулда мыйзамсыз бактарды кыюу фактысы аныкталды

Коом 0

Бишкек, 29.11.18. /Кабар/. КР Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы баалуу түркүмдөгү дарактарды кыюу фактысын ачыкташты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Алар берген маалымат боюнча, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда баалуу түркүмдөгү дарактарды ташып бара жаткан “МАН” үлгүсүндөгү жүк унаасы токтотулган (жаңгак устуну менен кесилген тактай).

Мыйзамга ылайык, өтө баалуу түркүмдөгү бактарды (жаңгак жана арча бактарын) кыюу, өсүүсүнө зыян келтирүү, ташуу, сатып алуу, сатуу, даярдоо жана колдонуу, буюм жасоо жана эскпортоого 2030-жылга чейин тыюу салынган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий