• 88.68
  • 95
  • 0.95

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп Марат Өскөмбаев дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп Марат Өскөмбаев дайындалды. Билдирүүгө ылайык, тиешелүү буйрукка 19-январда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүн министрдин орун басарын жалпы жамаатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев тааныштырды.

Пикир

Оставить комментарий