• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Тыныбекова, Маслова. Кыргыз спортчулары “КРнын эмгек сиңирген спорт чебери” наамын алышты

Спорт 0

Бишкек, 14.11.18. / Кабар/. Кечээ Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында спортчу жана машыктыруучуларга сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Кыргызстандагы спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн бир катар спортчу жана машыктыруучулар сыйлык алышты:

“КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу”: Сергей Кладнов (дзюдо), Абдужалил Юнусов (дзюдо), Данияр Жусубалиев (бокс), Байгазы Кенжебаев (кыз-келиндер күрөшү), Таабалды уулу Сүймөнкул (эркин күрөш), Муртазали Муртазалиев (жиу-житсу).

“КРнын эмгек сиңирген спорт чебери”: Каныбек Жолчубеков (грек-рим күрөшү), Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү), Дарья Маслова (жеңил атлетика), Эламан Догдурбек уулу (эркин күрөш), Төрөкан Багынбай уулу (жиу-житсу).

“Эл аралык даражадагы спорт чебери”: грек-рим күрөшүнүн балбандары Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Амантур Исмаилов; кыз-келиндер арасындагы күрөштө Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы.

Мындан тышкары, аталган агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов дене тарбия кызматкерлерине “КР спортунун ардагери”, “КРнын дене тарбия жана спортунун мыктысы” төш белгилерин, шахмат боюнча кураманын мүчөлөрүнө ыраазычылык каттарын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий