• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чемпиондор лигасы: "Ювентус" командасы "Порту" клубуна утулуп калды

Спорт 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын 1/8 финалында "Ювентус" командасы "Порту" клубуна утулуп калды.

Оюн 2:1 эсебинде "Портунун" жеңиши менен жыйынтыкталды.

Беттеш башталар менен, 2-мүнөттө португалиялык клубдун оюнчусу Мехди Тареми гол киргизгенге жетишти. Ошондой эле оюндун 46-мүнөтүндө Мусса Марега да гол жаратты.

Ал эми "Ювентустан" жалгыз голду Федерико Кьеза 82-мүнөттө киргизди.

Белгилей кетсек, "Ювентус" менен "Порту" командасынын кийинки беттеши 10-мартта өтөт.

Пикир

Оставить комментарий